Жер титирөөдөн көз жумгандардын саны 202ге жетти

Автор

Япониядагы бир катар жер титирөөлөрдөн көз жумгандардын саны 202 адамга жеткенин NHK телеканалы билдирди.
Жоготуулардын көбү Судзу шаарында – 91 адам. Вадзима шаарында 81 адам, Анамидзу аймагында 20 адам каза болгон. Префектурада жалпысынан 565 адам жабыркады. 102 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде.
Жер титирөөдөн жапа чеккен аймактардын 28 миңдей жашоочусу эвакуациялоо пункттарында. Бузулган жолдор жана калың кардын кесепетинен 3,3 миң адам обочодо калган.

Бөлүшүү:
Next Post

Грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө

Бүгүн, 10-декабрь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Мелдештин биринчи күнүндө 55, 63, 72, 82, 97 кг чейинки салмакта категорияларында беттештер өтөт. УТРК спорт телеканалында түз эфирден көрсөтүлөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн