Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты камакка алынды

Автор

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май соттунун  басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун 25-октябрдагы токтому менен УКМКнын тергөөчүсүнүн айыпталуучу Б.Ж.А.га карата тергөө убагында, башкача айтканда 2023-жылдын 23-декабрына чейин УКМКнын СИЗОсуна камоо боюнча өтүнүчү канааттандырылып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулду.

Жаныбек Бакчиевдин бөгөт чарасы 25-октябрда каралып, 25-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечими чыккан.

Маалым болгондой, экс-депутат КР Кылмыш-жаза кодексинин “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси боюнча айыпталууда.

Эскерте кетсек, 56 жаштагы Жаныбек Бакчиев “Бир бол” фракциясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаты болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Композиторлор жана обончулар арасында республикалык кароо-сынак жарыяланды

Композиторлор жана обончулар арасында “Жаңы обондуу ырлардын” республикалык кароо-сынак жаярыяланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кароо-сынак Маданият министрлиги, Улуттук маданий борбору жана Композиторлор союзу тарабынан уюштурулуп, улуттук маданиятты, музыкалык искусство чеберчилигин өнүктүрүүгө, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө багытталган. Сынак таланттуу жазылган жаңы обондорду эл алдына […]

Сизге жагышы мүмкүн