Замир Юсупов Ош шаарына вице-мэр болду

Автор

Замир Юсупов Ош шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койгон.

 

Замир Юсупов курулуш жана муниципалдык менчик тармагын карайт. Калаанын курулуш тармагын караган вице-мэр Жасур Азимов 5-апрелде кызматынан кеткен. Дээрлик 20 күн бош турган орунга кайра эле мурдагы биринчи вице-мэр дайылдалды.

 

Замир Юсупов 2021-жылдын 6-сентябрында буга чейинки мэр Алмаз Мамбетовдун буйругу менен биринчи вице-мэрлик кызматынан бошотулган. Анын ордуна Марс Исаев дайындалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден Түндүк Кореянын "режими" качан бүтөөрүн айтты

Түндүк Корея АКШга же анын союздаштарына ядролук чабуул жасаса, анда Түндүк Кореядагы режим токтойт. Мындай билдирүүнү АКШнын президенти Жо Байден жасады. Американын лидери Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл менен жолугушууда АКШ Түштүк Кореяда суу астында жүрүүчү атомдук кайыктар боюнча келишимге кол койду. Мындай макулдашуу 40 жылдан ашуун убакыттан бери […]

Сизге жагышы мүмкүн