Жапаров расмий сапар менен Түркияга барат

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 8-10-февралында Түркияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына катышат.
Ошондой эле, Түркия Республикасынын расмий жетекчилери жана мамлекеттик органдарынын башчылары менен жолугушуулары болот. Анда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Министрлер кабинетинин төрагасы мындан тышкары, кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат, анын алкагында ири бизнес өкүлдөрү менен да жолугат.
Андан соң өнөр жай, транспорт, медицина жана электрондук соода жүргүзүү тармактарында иш алып барган орто жана ири ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып, ишкерлик чөйрөдө кызматташууну талкуулайт.
Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюулаары күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Ханзаада ооруга чалдыккан король Чарльз IIIтүн айрым милдеттерин аткарат

Улуу Британиянын тактысынын мураскери Уэльс ханзаадасы Уильям рак илдетине чалдыккан Улуу Британиянын королу Чарльз IIIтүн айрым милдеттерин аткарат. Чарльз III өзү конституциялык милдеттерин аткарууну улантат. Падыша премьер-министр Риши Сунак менен салттуу жолугушууларды токтотууну көздөбөйт, болгону аралыктан өтүшү мүмкүн.Чарльз III мамлекеттик маанилүү документтерди кабыл алууну жана кароону улантып, айына бир жолу […]

Сизге жагышы мүмкүн