ЖК депутаты Жаныбек Абиров мандатын тапшырат

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мандатын тапшырат. Бул тууралуу депутат өзү фейсбуктагы баракчасына жазды.

 

«Менин катышуумдагы акыркы болуп өткөн окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты.

Окуянын олуттуулугун толук түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жаткандыгымды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди дагы бир жолу баса белгилейм. Ушуга байланыштуу, мен, окуяны талдап, терең ой жүгүртүп, өз каалоом менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшыруу чечимин кабыл алдым. Албетте, бул чечимди кабыл алуу оңойго турган жок, анткени борбор калаабыздын Ленин районундагы 11 813 шайлоочу мага ишенип, алардын өлкө парламентиндеги өкүлү болуу укугун берди эле. Тилекке каршы, болуп өткөн окуядан кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугум жок деп эсептейм.

Жалпыңыздардын алдыңыздарда, Аргенден жана анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан, ошондой эле мага ишеним көрсөткөн шайлоочуларымдан жана командамдан чын жүрөктөн кечирим сураймын», — деп жазды ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Олимпиадага ыктыярчыларды каттоо башталды

2024-жылы Парижде өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарынын уюштуруу комитети алдыдагы мелдештерге катышууну каалаган ыктыярчылар үчүн онлайн аянтчаны ишке киргизди. Бул тууралуу уюштуруу комитетинин сайтында айтылат. Маалыматка ылайык, арыздар 3-майга чейин кабыл алынат. Уюштуруу комитети дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан 45 000 ыктыярчыны тартууну жарыялады. Талапкерлер 2024-жылдын 1-январында 18 жаштан кем эмес, француз […]

Сизге жагышы мүмкүн