Париж -2024: Олимпиадага ыктыярчыларды каттоо башталды

Wp Pw
0 0
Read Time:29 Second

2024-жылы Парижде өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарынын уюштуруу комитети алдыдагы мелдештерге катышууну каалаган ыктыярчылар үчүн онлайн аянтчаны ишке киргизди. Бул тууралуу уюштуруу комитетинин сайтында айтылат.
Маалыматка ылайык, арыздар 3-майга чейин кабыл алынат. Уюштуруу комитети дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан 45 000 ыктыярчыны тартууну жарыялады. Талапкерлер 2024-жылдын 1-январында 18 жаштан кем эмес, француз же англис тилдерин жакшы билиши жана Олимпиада же Паралимпиадалык оюндарда ыктыярдуу иштерге 10 күндөн кем эмес катышууга даяр болушу керек.
Эң маанилүү спорттук саамалыкты өткөрүүгө көмөктөшө турган ыктыярчылар Олимпиада оюндардын веб-сайтында өздөрү тууралуу маалыматты толтура алышат: https://www.paris2024.org/en/volunteers/

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Эл аралык Жаутыков олимпиадасында "Сапаттын" 6 окуучусу жеңүүчү болду

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев XIX Эл аралык Жаутыков олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн кабыл алып, аларды жеңиши менен куттуктады. Казакстан Республикасы тарабынан уюштурулган билим таймашына дүйнө жүзү боюнча 1200 окуучу катышкан. Кыргызстандык 12 окуучу жеңишке жетишкен. Төрага алардын ар бирине заманбап планшет белекке берди. Белгилей кетүүчү жагдай, билим күрөшүндө ийгилик […]