Бүгүн маданият кызматкерлеринин күнү

Автор

Кыргызстанда бүгүн, 2-ноябрь — маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынын маалымтаты боюнча  КР Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында майрамга карата  гала концерт өтмөкчү

Майрамдык иш-чарага маданият жана искусство ишмерлери катышып, анда айрым өнөр адамдарына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылат.

Кыргызстанда 20 миңге чукул маданият кызматкерлери иштейт. Эл үчүн кызмат кылган 20 театр, 45 музей, 1035 китепкана, 87 балдар музыкалык окуу жайы, маданият жана искусство кызматкерлерин даярдаган 2 жогорку окуу жай жана 8 окуу жайы бар.

Эскерте кетсек, бул күн 1995-жылдан бери белгиленип келет. Дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында драматург Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.   Мамлекет башчысынын куттуктоосу:   «Урматтуу маданият жана искусство кызматкерлери!   Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!   Маданият кызматкерлеринин күнүндө улутубуздун уникалдуу баалуулуктары менен нарк-насилин даңазалаган маданий мурастарыбыз, чыгармачыл дараметибиз белгиленет. Маданият […]

Сизге жагышы мүмкүн