Анатай Өмүрканов: Жер Күндү сүйгөн үчүн чимирилет, Куйкалайт а Күн Жерди сагынгандан…

Автор

САГЫНУУ

Мүнөткө калып калсам кабар албай,

Делдейем алган демин чыгара албай.

Үшкүрүп сагынчууну сагынганда

Үй эмес аалам болот мага тардай.

 

Чагылган кара түндү жаркылдатат,

Күрпүлдөп күткөнүнө дайра шашат.

Таш чыдайт сагынычка таштыгынан

А мага чыдаш кыйын, чыдаш азап.

 

Балыктай тордон чыккан алдас урам,

Булутту сылайын деп тоого чагам.

Көздөрүң жалт-жулт этет жаап жаткан

Жамгырдын ар бир тунук тамчысынан.

 

Шылдырап агып жаткан тунук булак,

Шыбырап айткан ырым угуп турат.

Агарат тоонун башы сагынгандан,

Бирөөнү сагынгандан көл да тунат…

 

Кучагың кучагыма тартылбаса,

Жүрөгүм куйкаланмак сагынычка.

Агалбай калмак суулар деңизине

Тартылбай турмак көктө жылдыздар да.

 

Бактылуу бир бирине табылган жан,

Тилегем сагынууну тагдырымдан.

Жер Күндү сүйгөн үчүн чимирилет,

Куйкалайт а Күн Жерди сагынгандан…

 

ЖАРАТЫП АЛДЫМ СЕНИ ӨЗҮМ ОЙДОН

Жаратып алдым сени өзүм ойдон,

Элесиң издей бердим көлдөн, тоодон.

Көчкүдөй соккон турмуш соккусунда

Өзүңө жансоогалап коргологом.

 

Укпаган сөзүң каным аралаган,

Көрбөгөн көзүң жаным жаралаган.

Сел алып баратканда сени ойлонуп

Серпилип жээкке чыгып аман калгам.

 

Карабай кыштын бороон ызгаарына,

Өзүң деп кыял менен учканымда,

Сезүлчү дүйнө бир тең, өзүң бир тең

Ханың да тең келчү бучкагыма.

 

Өрттөн да аман калып сенде күйбөй,

Жашындым бир өзүңө күндө түндөй.

Секетим сен бар үчүн бу дүйнөдө

Туйулган ушул өмүр өлбөчүдөй…

 

Ыйладым өксүй карап өзүң жакты,

Жаш эмес көөдөнүмдөн кан, зил акты.

Сөздү кой, жүзүң буруп койгон жоксуң

Жүрөк деп алдың беле кара ташты?!

 

Тамырын тапса таштан үн чыгат дейт,

Жүрөгүм жалгыз гана сага эркелейт…

Эмне үчүн ай-ааламга жеткен үнүм

Эмне үчүн сага жетпейт, сага жетпейт?!

 

ТААРЫНБА

Мейли жашың, мейли болгун карың да,

Бир кемчилик болот адам-баарында.

Жаркынайым, билип билбей, байкабай

Бир кетирген кемчиликке таарынба.

Бир-бирине сүйгөн гана таарынат,

Сүйгөн гана бир-бирине жалынат.

Ошолордун оттон ысык өбүшү

Бу дүйнөнү кармап турат жаңылап.

 

Жамандыктан колдоп турган Теңирдей,

Сен бар үчүн келем көптөн жеңилбей.

Барган сайын жакын болуп барасың

Эң бир ысык эң акыркы деминдей.

 

Сен тарапка сапырылат санаалар,

Сүйгөн жүрөк бир-бирине барабар.

Ташка тийген тагдырыма табылган

Таяныч сен эң акыркы таянар…

 

Көңүлгө алба көп иштердин майдасын,

Мулундабай мурункуңдай жайна чын…

Таң атарда тарап кеткен булуттай

Таарынычың таппай калсын айласын.

Макулбу?

 

ЖАКШЫ ТҮШҮМ БЕРЕМ САГА

Сагынычтан күйүп жана,

Салып уруп келсең мага.

Сонуркатып уктатпаган

Сонун түшүм берем сага.

 

Жакшы түшкө акылдуу хан

Казынасын алмаштырган.

Менин түшүм жыргалдардын

Жыргалына татый турган, –

Бир укмуш түш; сен да жашсың,

Мен да жашмын, жапжашбыз биз.

Суу да акпайт, жел да жүрбөйт,

Күн да чыкпайт ишен бизсиз.

 

Жоголсок да табылабыз,

Улам Айдай жаңырабыз.

“Кош” айтышып бүтөр менен

Ар кимибиз сагынабыз…

 

Жаркылдаган эй, садага

Канатың как кана, кана.

Жан адамга ыраа көрбөс

Жакшы түшүм берем сага!

 

УЗАТААРДА

Узай бердиң улам-улам ыраактап,

Карай бердим кайра артымды кылчактап.

Эмнени айтам эрип бара жатканда,

Сени көргөн тагдырыма ыракмат.

 

Өмүр калды тамшандырган таңдарда,

Таянч болдуң тайгалансам кармарга.

Сени эч качан унуталбайм, унутпайм,

Көздө сүйүү, көкүрөктө жан барда.

 

Каректесиң-көзүмдү ачып карасам,

Оюмдасың-мен эмнени самасам.

Кол булгалап:

“Жакшы бар!..” -деп калсам да

Сени менен кошо кетип баратам…

 

ЯПОН ПОЭЗИЯСЫНАН

 

* * *

Сүйүктүүм бир сен гана,

Кандардын кызуулугу

Жашоонун миң кылыгы

Жаздардын укмуштугу

Жөнүндө эң узак кеп кыласың!..

 

* * *

Капыстан ойго кылт дейт,

Турганы мени күтүп бозоюмун

Эшигин түнүчүндө ачып кирем

Керемет ай жарыгы

Жаздагы жагым чачкан тала үстүнөн!

 

* * *

Акылым айран болот,

Отурсам канатына махабаттын,

А өзүм эч байкабайм,

Ак булуттун ар жагынан,

Бар – жогун бир жүз отуз чакырымдан…

 

* * *

Таң сүрбөй коё турчу!

Эң таттуу махабат жомогунда.

Түндөгү уйкусуроо кулагыма

Угулуп төшөктө жатамын,

Сүйгөнүмдүн ийнине арта салып колдорумду…

 

* * *

Айлуу кечте

Сен далистен ыр ырдадың.

Ал сагынычтын ыры эле:

“Кайгылуу жер, кош түбөлүк,

Өттү сүйүү унутпагын…”

 

* * *

Эки колум эрке, көнбөй

Ырдын тытат барактарын.

Айым менен күлүп – жайнап:

Сүйүү үчүн “20 миң жыл” –

Көппү эң эле? Жо-ок карагын эң аздыгын!..

 

* * *

Зериктирген ушул түнү

Узатамын мага үйүр күүлөрүмү.

Кан тамырда жалын чуркайт

Бу да Кудай бергениби

Кумар жаздын келгениби?

 

* * *

Түндөгү махабаттан соң,

Күзгү алдына отуруп оңдономун…

Ах десең убак эрте,

Тоо – белестен акын булбул

Сүйүктүүмдүн уйкусун буза көрбө!

 

* * *

Капкара чачтарымды,

Симадай тал – тал гана өрдүм бүгүн.

Окшошуп борбордогу чүрөктөргө

Эртең сага жаксам

деген ойдо: “Токто күнүм!”

 

* * *

Арыкта суу шылдырайт…

Ал түнү уйку качып алда – кайда

Каалоонун эркелиги ала качып

Талаага таң сүргүчө жүрөм басып

Бу жайдын келбетине сыймыктана.

 

* * *

Жашыл төр жайыктарда

Шар өзөн ийреңдеген.

Келемин сүйгөн бозой!

Түштүккө сен жашаган

Сагынам мени дагы өзүң жүргөн!

 

* * *

Будда сөзү мындай деген?

Катаал чындык ченебеген?

Ушак – айың эмне керек?

Дүйнөдө биз экөөбүз

Чырмалышкан сүйүү менен!

 

* * *

Тал – тал түшкөн көмүрдөй чач.

Согончокту жаппаса да.

Өзөн сыңар камчы саптай

Назик жүрөк элеп – желеп

Кысталышта айла таппай!..

 

* * *

Киёмидзе храмына,

Гион деген жер менен бара жатам-

Жолуккан адамдардын,

Жаркын жүзү агарып ай нуруна

Мөмөгө окшоп, турду мына!…

 

* * *

Көздүн жоосун алып турат,

Байчечекей атыры көңүл коштоп!…

Мант бери ойду канча алаксытат

Капкара чачтын жыты.

Караңгылып калганбы кетпей токтоп!

 

* * *

Турамын арашандын суусун кечип,

Ысыгына балкытып бой жибитип-

түбүнө сыр катылган,

аппак гүл чагылышып

Жыйырма жаңы келген жаш өңдөнүп!

 

* * *

Оо эрке жел

Жаз түнү жолго чыккан

Эң алыс сапарынан

токтобой келе жаткан,

чачына кыз аттуунун тие көрбө!…

 

* * *

Бул жерде азыр гана,

Не бүттү деп кылчактайм арт жагыма

Сокурду элестетем,

Көрбөгөн алысты, жакынды да

Көзгө сайса көрүнгүс үркүтпөгөн!

 

* * *

Көкүрөк кысталгандай

Топ болуп буттан бутка

Купуя сыр сандыгы,-

О кандай, узун-кыска

беле дейм гүлдөй нуска

 

* * *

Шыпырылып түштү ийинден,

Шөлбүрөк жибек кийим.

Шамаал жортту жашыл түспөл

Калкып түндүн караанына

оргуп-оргуп желип жорткон.

 

* * *

Капкара олоң чачтар

Жибектей кою, сүйкүм

аралашып калды кандай!

Сүйүүдөн сапар чечип келди бүгүн

Мендеги айтыла элек көп-көп ойдой…

 

* * *

Күттүм сени тиги жерде,

Агарткан лиля гүлү тажыларын

Те тиги гүл өнгөн жылгаада

Сени күттүм жапыс чөптө,-

Жана түздө, күн желеси төрөлгөн…

 

* * *

Үзүп алып жапайы розаны,

Чачымды келиштирип алгым келди

Гүл чатырын чогултуп

О сүйгөнүм өзүңдү сагынгандан

Күн кечке от болуп жангым келди…

 

Бөлүшүү:
Next Post

Бир чечим кабыл алаарда эмнелерге көңүл буруу керек?

Өмүр – бир гана туура чечим чыгаргыдай математикалык теңдеме эмес. Аны алдын алууга болбойт.   Чечим бул – сиздин ой-мүдөө, идеяларыңызды чындыкка айлантат. Кийинки жашооңуздун тагдыры дагы ошого байланыштуу. Ошондуктан көпчүлүккө ал жеңил болбойт, ал эми кээ бирөөлөр үчүн кадимкидей эле баш оору. Бир чечим кабыл аларда эсиңиздерден чыгарбай турган […]

Сизге жагышы мүмкүн