УКМК: 196 млн сомдук тарыхый объект мамлекетке кайтарылды

Автор

Бишкектин Фрунзе көчөсүндөгү 0,25 га жер тилкесин жана республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болгон эки кабаттуу имарат мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу мамлекеттик мүлктү башкаруу жана мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттин пайдасына кайтарып алуу чөйрөсүндө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында аныкталды.
“1992 — жылы Москва шаарынын жалпы профсоюздар конфедерациясынын токтому менен Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Кеңешине Фрунзе жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги гимнастика боюнча имарат берилген.
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчиси Л.В.И. коррупциялык схеманы жеке кызыкчылыгы үчүн уюштурганы, анын жардамы менен жогоруда аталган кыймылсыз мүлктөр Федерациянын ээлигинен мыйзамсыз чыгарылып, белгиленген тартипти бузуу менен жеке компания тарабынан менчиктештирилгени такталган”, -деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында белгиленген жер участогу жана имарат муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди. Мүлктүн жалпы наркы 196 млн 302 миң сомду түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Жусупбек Коргонбой уулу өзү жазага тартылышы мүмкүн

Министр Адымкадыр Бейшеналиевдин кошёлогу делген саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Шаятбек Абдрахманов депутаттын айыптоосуна жооп кайтарды. “Бул карандай калп жана жалаа. Чындыкка такыр дал келбейт. Депутаттын колунда далили болсо, берген адам менен мени беттештирсин”,- деди. Кечээ “Кабар” маалымат агенттигинде президенттин кезектеги маеги жарыяланып, “эгер депутаттын айтканы далилденсе, Алымкадыр […]

Сизге жагышы мүмкүн