Селден көз жумгандардын саны 95ке жетти

Автор

Бразилиянын түштүк аймагында суу ташкынынан каза болгондордун саны 95ке жетип, 372 адам жаракат алганын Рио-Гранде-ду-Сулот штатынын губернатору Эдуардо Лейте билдирди.
159 миң жергиликтүү тургун үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болсо, 131 адам дайынсыздардын тизмесинде.
Апрель айынын аягында Бразилиянын Уругвай менен чектешкен түштүк штатында 1941-жылдан берки эң катуу жаан жааган. Жамгырдан улам Рио-дас-Антас дарыясындагы дамба урап, калктуу конуштарды суу каптаган.
Жалпысынан Рио-Гранде-ду-Сулот штатындагы 497 муниципалитеттин 401и бороон-чапкын жана суу ташкындарынан жапа чеккен. Кырсыктан 1,5 миллионго жакын адам жабыркаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Таттуу картошка эмне үчүн пайдалуу?

«Батат» (же таттуу картошка) Анын даамы кандай? Таттуу картошка менен картошканын ортосунда кандай айырма бар? Негизги айырмачылыктар: картошка күрөң кабыгы, туздуу даамы бар жана аны чийки түрүндө колдонууга болбойт. Ал эми таттуу картошканын апельсин түсү жана таттуу даамы бар, аны чийки же бышырып жесе болот. Таттуу картошканын даамы сортуна жана […]

Сизге жагышы мүмкүн