Жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 1038 адамга жетти

Автор

Тайвандагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 1038 адамга жетти. 52 адам менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Өрткө каршы кызматы «Тогуз адам каза болуп, 1038 адам жарадар болгон. 93 адамды басып калган. 52 адам менен байланыш үзүлгөн»,-деп маалымдады.
Кытайдын сейсмологиялык борбору шаршемби күнү Тайвандын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Хуалянь округунун жээгинде күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөө болгонун билдирди. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Хуаляндаянда жер титирөө аралдын башка аймактарына караганда тез-тез болуп турат, 2018-жылдын февралында 6,5 баллдык кыйратуучу жер титирөө катталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек менен Оштун ТЭЦтери жергиликтүү бийликтин карамагына өтөбү?

Президент Садыр Жапаров Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасын реформалоого боюнча кеңейтилген жумушчу кеңешме өткөрдү. Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин администрациянын жана жергиликтүү бийлик органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Видеоконференцбайланыш режиминде президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери жана райондордун акимдери катышты. Мамлекет башчысы жылуулук менен камсыздоо тутумун оптималдаштыруу боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн