Жаңы Ош базары кандай болот?

Автор

“Бишкек башкы архитектура” ишканасынын адистери жаңы автовокзал, “Ош” базары жана турак жай кварталы жайгашкан көп функционалдуу шаарчанын концепциясын иштеп чыгышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоорлонуп жаткан шаарча Бишкектин түндүк тарабында, Сокулук районунда, Фучик/Василевский тар көчөсүнүн боюнда жайгашат.

Аймак төмөнкүлөргө бөлүнөт:

Турак жай шаарчасы;

“Ош” базары;

Volvo электромобилдери боюнча кызмат көрсөткөн аймак;

Автобустарга техникалык кызмат көрсөткөн аймак;

Батыш автовокзалы.

Шаарча транспорттук магистралдан 60 метрлик жашылдандыруу тилкеси менен бөлүнөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте Республикалык күзгү кросс башталды

Бүгүн, 21-октябрда Бишкекте Республикалык күзгү жеңил атлетикалык кросс өтүүдө. Жалпы жарыш Карагач токоюнда өтүп, ага жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары, жогорку окуу жайлардын жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин студенттери катышууда.   Кросстун убактысы: 10:00 — окуучу кыздар; 10:30 — окуучу балдар; 11:00 — орто кесиптик билим берүү мекемелеринин окуучулары […]

Сизге жагышы мүмкүн