Бишкекте Республикалык күзгү кросс башталды

Автор

Бүгүн, 21-октябрда Бишкекте Республикалык күзгү жеңил атлетикалык кросс өтүүдө.

Жалпы жарыш Карагач токоюнда өтүп, ага жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары, жогорку окуу жайлардын жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин студенттери катышууда.

 

Кросстун убактысы:

10:00 — окуучу кыздар;

10:30 — окуучу балдар;

11:00 — орто кесиптик билим берүү мекемелеринин окуучулары — кыздар;

11.30 — орто кесиптик билим берүү мекемелеринин окуучулары — уландар;

12:00 — жогорку окуу жайларынын студенттери — кыздар;

12.30 — жогорку окуу жайларынын студенттери — жигиттер.

Иш-чара “Жаштык” спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Карьера кургусу келгендер үчүн кеңештер

Сөздүн жакшы маанисинде карьерист болуу анчалык деле оңой эмес. Бул көп убакытты жана күчтү талап кылат. Эмесе биз жолуңузду жеңилдете турган практикалык кеңештер бар. Дүйнөдөгү ири  компанияларга  талапкерлерди издөөнүн белгилүү бир логикасын иштеп чыгышкан. Барган сайын компаниялар белгилүү бир ой жүгүртүүсү, дүйнөгө болгон мамилеси жана андагы орду менен кызматкерлерди жалдоону […]

Сизге жагышы мүмкүн