17-декабрга карата аба ырайы

Автор

Эртең, 17-декабрда Баткен, Ош облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5,

Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -6…-11,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12 градус болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6°, күндүз 0…-2° болот.

Бөлүшүү:
Next Post

“Чычкан аке суу бер!”: Элдик курултайда эң көп суу маселеси көтөрүлдү

Бүгүн, 16-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү уланууда. Түшкү тыныгуудан соң делегаттар кайрадан өз аймактарындагы көйгөйлүү маселелерди, жарандардын үнүн жеткирүү үчүн жарыш сөзгө чыгышты. Панфилов районунан келген делегат Бейшенбай Үметов аталган район Чуй облусундагы суу тартыштыгы боюнча алдыңкы орунда турарын билдирди. Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя айылынан […]

Сизге жагышы мүмкүн