Жаңы депутат жөнүндө эмне белгилүү

Автор

Кечээ, Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жусуповдон бошогон орунга көчүк басып, мандат алган депутат Советбек Рустам уулу жөнүндө жарытылуу маалымат жок. Элдин эсинде калганы, экс-депутат Жусупбек Коргонбай уулунун туулган күнүндө Раимбек Матраимов менен чогуу болгон видеосу тараган. Анда видеону өзү тартып, туулган күн белгиленип жатканын айткан. Кийин анын видеосу соцтармактар аркылуу тарап, элдин бүйүрүн кызыткан. 2020-жылдагы шайлоодо “Ишеним” партиясы менен ат салышкан. Өмүр баянында ишкер экени айтылса да, эмне иш кылаары же, кайсы компанияны негиздегени белгилүү эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

"Эмакомдун" эртеңи күмөн

“Эмаком” курулуш компаниясына алданып калган жарандардын акчасын экс-депутат Эмил Жусупов төлөп берер – бербеси арсар болуп турат. Кардарлары болсо, “эми ал изин суутуп, өлкөдөн чыгып кетпейби”,-дешип, тынчсызданууларын билдиришүүдө. Айрым эксперттер укук талаасында чыныгы териштирүү жүрүп, эсебин таппаган “Эмакомчулар” сот жоопкерчилигине тартылаарын айтышууда. Компаниянын негиздөөчүсү катары Эмил Жусупов бул туңгуюктан кандай […]

Сизге жагышы мүмкүн