Айыл чарбасында каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Автор

Эсептөө палатасынын маалыматында айтылгандай, Айыл чарба министрлигинде жана анын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрүндө каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.
2021-2022-жылдарга каржылык сарптоолору боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча министрлик 472 млн 357 миң 200 сомдук мыйзам бузуу жолу менен сарптаган.
Бузуулар төмөндөгүдөй багытта болгон:
каражат сарптоодогу бузуулар жана кем чыгуулар – 60 млн 147 миң 100 сом.
бюджеттин кошумча кошуп эсептелген кирешелери – 943 миң 800 сом.
Соцфонддун кошумча кошуп эсептелген кирешелери – 760 миң сом.
бюджеттин чыгымдар бөлүгү жана башка төлөмдөр боюнча жоготуулары ж.б. – 76 млн 19 миң 500 сом.
рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 289 млн 485 миң 600 сом.
эсепке алуу жана отчёт тартибин бузуу – 45 млн 1 миң 200 сом.
Ошондой эле 2022-2023-жылдарда Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна үрөн жана жер семирткич сатып алууда жана аны дыйкандарга таратууда 214 млн 397 миң 900 сом чыгымга учураган.
Эми бул аракетке укук коргоо органдары баасын берет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте 4 курулуш компанияга айып салынды

Бишкекте 4 курулуш компанияга айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэриянын муниципалдык инспекциясы “Профит-Экспресс”, “Турпан Строй”, “Рояль Констракшн”, “Авангард Стиль” курулуш компанияларына тазалыкты сактабагандыгы үчүн 92 миң сом суммасында айып салынды. Белгилей кетсек, курулуш объектилери милдеттүү түрдө автотранспорттун дөңгөлөктөрүн тазалоочу (жууган) пункттар менен жабдылышы керек. Автоунаа кир, […]

Сизге жагышы мүмкүн