Мектеп директорлору менен анын орун басарларынын айлыгы көбөйөт

Автор

1-сентябрдан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын, атайын мектептердин жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын директорлорунун жана орун басарларынын маяналары жогорулатылган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин чечими боюнча кошумча төлөм 50%ды түзөт. Бул үчүн жыл аягына чейин бюджеттен 183 млн сом бөлүнөт.

Натыйжада, 1-сентябрдан тарта Ысык-Көл облусунун айылдарынын бириндеги 100-600 окуучу билим алган мектептин 13 жылдан ашык эмгек стажы бар директору мурда 19 миң 143 сом айлык акы алса, эми 28 миң 715 сом маяна алат. Ал эми 13 жылдан ашык стажысы бар бул мектептин директорунун орун басары 1-сентябрдан баштап айлык акы жогорулатылганга чейин 17 миң 413 сом алса, мындан ары 26 миң 120 сом маяна алат.

Өзгөн районундагы 1800дөн ашык окуучусу бар айылдык мектептин биринде 15 жылдан ашык эмгектенген мекептин директору айлык жогорулатылганга чейин 23 миң 731 сом алса, эми 35 миң 597 сом маяна акы алат. Ал эми 15 жылдан ашык стажы бар бул мектептин директорунун орун басары 1-сентябрдан тарта мурда төлөнүп келген 21 миң 360 сомдун ордуна 32 миң 40 сом маяна акы алмакчы.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көл облусуна бюджеттен 891,3 сом бөлүндү

Ушул жылдын 15-августуна карата Ысык-Көл облусуна республикалык бюджеттен бюджеттер аралык трансферттер түрүндө 891,3 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, каражат төмөнкүлөргө бөлүнгөн:   теңдөө трансферттери – 159,6 млн сом; уруксат берүү – 15,9 млн сом; мамлекеттик каттоочуларга – 2,5 млн сом; электр энергиясы үчүн 50% компенсация […]

Сизге жагышы мүмкүн