Алишер Козуевдин Матраимовдорго тийешеси жок

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев мандатын тапшырбайт. Мындай маалыматты өздүк булактарыбызга билдиришкен. Анын документ түрүндө Раимбек Матраимовго эч кандай тиешеси жок экендиги айтылууда. Бирок, айрым саясий топтор, кээ бир ММКларды тукуруу жолу менен аны депутаттыктан кетирүү аракетин көрүп жатышат. Ал өзү Раимбек Матраимов менен айылдаш экенин, аны менен финансылык мамиле кылбаганын, жердеш агасы катары чакырылган жерлерде жолугушуп калганын айтып келет.
Белгилей кетсек, Алишер Козуев 1984-жылы Кара-Суу районунун Мамажан айылында туулган. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен аттанып, добуштардын көпчүлүгүн бөлүгүнө ээ болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Чарли Чаплинден 4 алтын эреже

Чарли Чаплин 88 жыл өмүр сүрүп, адамзат үчүн 4 алтын эреже калтырып кеткен. 1. Эч нерсе түбөлүктүү эмес. Керек болсо, көйгөйлөрүң да. 2. Мен жамгырлуу күндө басканды жактырам. Анткени, ыйлаганымды эч ким сезбейт. 3. Биз үчүн жоготулган күн, биз күлбөй калган күн. 4. Жашоодо эң жакшы 6 доктор бар. Алар: […]

Сизге жагышы мүмкүн