Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Автор

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, маданий иш-чара 26-27-ноябрь күндөрү Анкара шаарында өтөт.

“Маданият күндөрү Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгына, белгилүү кыргыз жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына карата уюштурулууда”, – деп айтылат маалыматта.

Элчилик бардык мекендештерди жана досторду иш-чараларга чакырат.

Бөлүшүү:
Next Post

Учак 30 жүргүнчүсүн унутуп кетти

Sunexpress авиакомпаниясынын учагы Парижден Түркиянын Измир шаарына 30 жүргүнчүсү жок учкан. Бул тууралуу Airporthaber порталы билдирди. Окуя 18-ноябрда Шарль де Голль аэропортунда болгон. Учак Франциянын борборунан Түркиянын шаарына жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дө учуш керек болчу. Рейс 3 саатка кармалган. Саат 20:00дө катталуу башталганы тууралуу маалымат чыккан эмес. Жүргүнчүлөр мобилдик […]

Сизге жагышы мүмкүн