Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын 43,32 чакырымы боюнча макулдашты

Автор

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча топографиялык топтору чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын макулдашышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 3-октябрынан 8-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

КР министрлер кабинетинен билдиришкендей, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 43,32 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча ишти улантышат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Беларустун өзүнөн "Илон Маск" чыкты

Беларуста аскер адамы Starlink системасынын аналогун чогултуп, беларусиялык Илон Маск деген лакап атка ээ болду. Аскер кызматкерлеринин жеке маалыматы ачыкка чыгарылбайт. Ал америкалык Starlink спутник системасынын өзүнүн аналогун өтө аз акчага жараткан. Мүнөздөмөлөрү боюнча Масктын системасынан кем калышпайт. Өлкө башчысы Александр Лукашенко Брест аймагында аскерлер менен жолугуп, система кандай иштеп […]

Сизге жагышы мүмкүн