Жапаров Венгриянын премьери Орбан менен жолугушту

Автор

Президент Садыр Жапаров Будапешт шаарына болгон иш сапарынын алкагында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту.

Кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелери, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүү талкууланды.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан президент Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, Венгриянын башкы улуттук майрамына жана Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына арналган майрамдык иш-чараларга катышуу үчүн өлкөгө келүү чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Садыр Жапаровдун ушул жылдын февралында Венгрияга болгон иш сапары ийгиликтүү болуп, эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө чоң түрткү болгонун эске салды. Февралдагы визиттин макулдашууларына ылайык, бүгүнкү күндө бир катар тармактарда алгылыктуу жетишкендиктер белгиленүүдө.

Виктор Орбан Садыр Жапаровго эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү аракети үчүн ыраазычылык билдирди, эки өлкөнүн географиялык алыстыгына карабастан Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө мүмкүн болууда.

Виктор Орбан кыргыз-венгер кызматташтыгын тереңдетүү тууралуу айтып жатып, Кыргызстан менен Венгриянын элдерин жакындаштыруу үчүн эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз авиакаттам ачуу зарылдыгын белгиледи.

Венгриянын премьер-министри билим берүү тармагындагы кызматташууга да көңүл буруп, Венгрияда квота боюнча алдыңкы университеттерде билим алып жаткан кыргызстандык студенттерди канааттануу менен белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Виктор Орбанга өлкөгө сапар менен келип кетүүгө чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Экономикалык байланыштарга токтолуп Садыр Жапаров, Кыргызстан үчүн Венгрия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү приоритеттүү багыт болуп саналарын белгиледи. Ушул жылдын беш айында өткөн жылдыш ушул мезгилине салыштырмалуу эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн оң динамикасы белгиленди.Бул динамиканы сактоо жана өз ара сооданы мындан ары жогорулатуу боюнча аракеттерди көрүү маанилүү.

Учурдан пайдаланып президент Садыр Жапаров премьер-министр Виктор Орбанды өзүнө ыңгайлуу убакта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Тараптар эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйөрсүндө кеңейип жана бекемделерине ишеним артышты.

Бөлүшүү:
Next Post

 "Мейкин Азия" фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы жеңип алды

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн “Мейкин Азия” III эл аралык фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы Айна Калмаганбетова жеңип алды. Сыйлыкты министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды. Айна Калмаганбетова баш байге катары 5 миң доллар акчалай сыйлык, “Мейкин Азия” фестивалынын атайын статуэткасы жана диплом менен сыйланды. Биринчи орунду Руслан Асанкан […]

Сизге жагышы мүмкүн