“Мейкин Азия” фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы жеңип алды

Автор

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн “Мейкин Азия” III эл аралык фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы Айна Калмаганбетова жеңип алды. Сыйлыкты министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды.

Айна Калмаганбетова баш байге катары 5 миң доллар акчалай сыйлык, “Мейкин Азия” фестивалынын атайын статуэткасы жана диплом менен сыйланды.

Биринчи орунду Руслан Асанкан (Кыргызстан, 3 миң доллар), Бегюм Текакпынар (Түндүк Кипр, 3 миң доллар), экинчи орунду Сарвиноз Камалова (Өзбекстан, 1,5 миң доллар) жана Надо Талевска (Түндүк Македония, 1,5 миң доллар), ал эми үчүнчү орунду Адильхан Макин (Казакстан, 1 миң доллар) жана Касиет Идрисова (Кыргызстан, 1 миң доллар) алды.

Андан тышкары, Түркиялык ырчы Жевхер Аксой фестивалдын атайын сыйлыгы менен сыйланды.

Белгилей кетсек, популярдуу музыка аткаруучулардын “Мейкин Азия” III эл аралык фестивалы 18-августта старт алган. Жалпысынан сынакка дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн 17 талант катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

«Луна-25» станциясы кыйрады

«Луна-25» станциясы кыйрады. Чоо-жайын Роскосмос билдирди. Басылманын белгилешинче, станция Айдын бети менен кагылышып, өз ишин токтоткон. Москва убактысы боюнча 14 саат 57 минутада «Луна-25» менен байланыш үзгүлтүккө учураган. 19-20-август күндөрү аппаратты издөө жана аны менен байланышуу аракеттери жыйынтык берген эмес. “Алдын ала анализдин жыйынтыгына ылайык, аппарат долбоордон тышкаркы орбитага чыгып, […]

Сизге жагышы мүмкүн