Жалал-Абад облусуна бюджеттен 401,4 млн сом бөлүндү

Автор

Жалал-Абад облусу боюнча быйылкы беш айда республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 401,4  млн сом акча бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

 

Бюджеттер  аралык  трансферттер:

 

Теңдөөчү трансферт-229,4 млн сом;

Ыйгарым укуктарды берүүгө-21,9 млн сом;

Электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына-12,6 млн сом;

Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №41-т тескемесин аткарууга-117,5 млн сом;

Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы №21-р тескемесинин 1-пунктунун негизинде, Майлуу-Суу шаарынын тургундарын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн (жылытууга)-20,0 млн сом каржыланды.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнө COVID-19дан 13,8 триллион доллар жоготту

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Россиядагы өкүлү Вуйнович COVID-19дан экономикалык жоготуулар 13,8 триллион долларды түзгөнүн билдирди. Анын айтымында, пандемия учурунда дүйнө көп нерсени жоготту, эң негизгиси, көптөгөн штаттарда туруктуу өнүгүү басаңдады. . Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн