Түркиядагы шайлоодо кыргызстандык Анастасия айыл өкмөтү болду

Автор

31-мартта болуп өткөн Түркиядагы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу боюнча шайлоодо Кыргызстандык Анастасия айыл аймагынын башчысы болуп калды. Ал Сивас шаарына караштуу Каракузулу айыл аймагынын башчылыгына болгон шайлоодо эң көп добуш алды. Атаандаштарын жеңилүүгө учураткан Анастасия Метин айылдын алгачкы аял айыл өкмөтү.
“Айылда суу, электр жарыгы, асфальт, жайыт сыяктуу маселелер бар. Буйруса, мен ушул маселелердин үстүнөн иш алып барам. Сиздерге чоң рахмат. Ишеничиңиздерди актайм”,- деди Кыргызстандык Анастасия шайлоочулары менен болгон жолугушууда.
Ал күйөсү Дербиш Метин менен мындан 10 жыл мурда Кыргызстанда таанышып, кийин баш кошуп калышкан. Кесиби ветеринар, жаныбарларды жакшы көргөнүн айтат. Ал эми мурдагы айыл өкмөт Мехрибан Ышык “кыштагыбыздын келини Анастасияны аябай жакшы көрөбүз. Ошон үчүн тандап алдык. Мен анын иштеп кетээрине бөркүмдөй ишенем”,- деди.
Аны 92 жаштагы кайненеси да катуу сүрөөнгө алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Орусияда мигранттардын адам өлтүрүүсү 18 пайызга өскөн

“Биздин ишибиз мигранттардын коркутуучу статистикасы менен коштолуп жатат. Кайсы тараптан алып карасак да, көбөйүү бар. 2021-жылда булар 12 млн болсо, 2022-жылда 14.5 миллионго өсүшкөн. Ошондой эле мигрант кылмышкерлердин саны да өсүп жатат. Адам өлтүрүү мурдагы жылдарга салыштырмалуу 18 пайызга көбөйдү”,- деп билдирди Орусиянын тергөө кызматынын жетекчиси Александр Бастрыкин. Ал тергөө […]

Сизге жагышы мүмкүн