Электр энергиянын баасы 23 тыйынга жогорулайт

Автор

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-майынан тарта калк үчүн электр энергиянын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду

Аталган документке ылайык, электр энергиясын 700 кВт саттан жогору пайдаланган учурда тариф мурдагы деңгээлде сакталат – 2,16 сом/кВт.с. Муктаж болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн тариф мурдагы деңгээлде сакталып, 1 кВт.с үчүн 50 тыйынды түзөт.

Электр энергиясын лимитсиз жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланууну каалаган калк үчүн тариф 5,04 сом/кВт.с ордуна 3,28 сом/кВт.с чейин төмөндөтүлдү.

«Тарифтерди жогорулатууга байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана керектөөнүн көлөмү динамикалуу өсүп жаткан шарттарда калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдуу үчүн зарыл болуп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүн маалыматында, тарифтик саясатка киргизилип жаткан өзгөрүүлөр энергетикалык жабдууларды жаңылоого мүмкүндүк берет, алардын 80%дан көбү эскирген абалда.

Бөлүшүү:
Next Post

Май айында кыргызстандыктар беш күн эс алат

Май айында кыргызстандыктар  катары менен  беш күн эс алат. Бул туурасында Эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар  май майрамдарына байланыштуу 1, 5, 8, 9-май  күндөрү иштебейт. 1-май — Эмгекчилердин күнү; 5-май — Конституция күнү; 8-майдагы (дүйшөмбү) иш күн 13-майга которулат; 9-май — Жеңиш күнү. Майдын […]

Сизге жагышы мүмкүн