Египетте футбол жылдызы Салахтын үйүн тоноп кетишти

Автор

Египетте англиялык “Ливерпуль” жана Египет курама командасынын жылдыз футболчусу Мохамед Салахтын үйүн белгисиз адамдар тоноп кетишти. Бул тууралуу “Аль-Ахрам” гезити жар салды.
Маалыматка ылайык, кылмыш тууралуу Салахтын жакындары кабарлашкан. Окуя болгон жерге Каир шаарынын тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери жөнөтүлгөн. Кол салгандар футболчунун үйүнөн бир нече электр шаймандарын алып чыгышкан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
30 жаштагы чабуулчу бул сезондо “Ливерпуль” үчүн жалпы мелдештерде 38 беттешке чыгып, 22 гол киргизип, 11 пас берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы (U-17) Тажикстанды  жеңип алды

Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курамасы (U-17) Тажикстанда өткөн эл аралык турнирди ийгиликтүү баштады. Борбор Азия чемпионаты  Дүйшөмбү шаарында  4 команданын катышуусунда старт алды. Биринчи айлампанын беттешинде кыргызстандыктар Тажикстандын курама командасы менен беттешип, 4:0 эсебинде жеңишке жетишти. Нурия Маматсулайманова дубль, Кристина Костюк менен Мырзайым Жузубахунова бирден гол киргизди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн