“Евро – 2024”: Европа чемпионатынын байге фонду жарыяланды

Автор

Евро-2024тун байге фонду 331 миллион еврону түзөт. Бул тууралуу Европанын футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) сайтында жазылууда.

Ар бир катышуучу команда кеминде 9,25 миллион евро алат. Кошумчалай кетсек, беттештеги жеңишке миллион евро, тең чыгуу үчүн 500 миң евро берилет. Командага 1/8 финалга чыкканы үчүн 1,5 миллион евро, чейрек финал үчүн дагы 2,5 миллион, жарым финал үчүн 4 миллион евро төлөнөт.

Турнирдин финалисти 5 миллион евро алат. Евро-2024тун жеңүүчүсү 8 миллион евро алат.

Эске салсак, Европа чемпионаты 2024-жылдын 14-июнунан 14-июлуна чейин Германияда өтөт. Беттештерди он шаар кабыл алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Окумуштуулар: Жердин айлануусу басаңдап баратат

Жердин айлануусу басаңдап баратат. Келечекте бир сутка 25 саатка созулат. Болжол менен 200 миллион жылдан кийин бир сутканын узактыгы 25 саатты түзөт. Жердин акырындык менен жайлап баратканы бир топ убакыттан бери белгилүү. Маалымат боюнча, динозаврлар доорунда (б.а. 200 миллион жыл мурда) бир сутка 23 саатка созулган, ал эми 1,4 миллиард […]

Сизге жагышы мүмкүн