Окумуштуулар: Жердин айлануусу басаңдап баратат

Автор

Жердин айлануусу басаңдап баратат. Келечекте бир сутка 25 саатка созулат. Болжол менен 200 миллион жылдан кийин бир сутканын узактыгы 25 саатты түзөт.
Жердин акырындык менен жайлап баратканы бир топ убакыттан бери белгилүү. Маалымат боюнча, динозаврлар доорунда (б.а. 200 миллион жыл мурда) бир сутка 23 саатка созулган, ал эми 1,4 миллиард жыл мурда 18 саат 41 мүнөт гана болгон.
Мюнхендеги техникалык университеттин окумуштуулары Жердин айлануусун так өлчөө жана анын айлануу ылдамдыгынын динамикасын көзөмөлдөө үчүн шакекче лазердин жардамы менен узак мөөнөттүү экспериментти баштады.
Бул лазер жер астына 6 метр тереңдикте көмүлгөн атайын жасалган басымдуу камерада иштейт. Лазердик шакекче тышкы факторлор минималдуу таасир эте турган гироскоптон жана туурасы 4 метрге жакын “ипподромдон” турат.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Спортчулардын Олимпиадада кийчү формасына сынак жарыяланды

КРнын Улуттук Олимпиада комитети  Дене тарбия жана спорт департаменти менен биргеликте 2024-жылы Парижде өтчү жайкы Олимпиада оюндарында улуттук курама командасы үчүн параддык экипировканын дизайн концепциясын иштеп чыгуу боюнча сынак жарыялады. Сынакка каалоочулардын баары катыша алат: жаш дизайнерлер, студенттер. Сынак ачык өткөрүлүп, бардык дизайндар Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын социалдык баракчаларында […]

Сизге жагышы мүмкүн