Экинчи “Келечектеги оюндары” 2025-жылы өтөт

Автор

Кийинки “Келечектеги оюндары” 2025-жылы өтөт. Бирок мелдеш өтө турган жер азырынча белгисиз.
Экинчи “Келечек оюндарын” өткөрүү укугу үчүн Казакстан менен Өзбекстан ат салышат. Бул боюнча эки өлкөнүн президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мерзияев кийинки мелдешти өткөрүү каалоосун билдиришти.
Келечектеги оюндардын жетекчиси Игорь Столяров кийинки “Келечек оюндары” бир жылдан кийин өткөрүлөрүн ырастады. “Келечек оюндарын жыл сайын өткөрүү чечими кабыл алынды. Кийинки мелдештер Орусиядан тышкары жерде өткөрүлөт”, -деп айтты

Бөлүшүү:
Next Post

Мамлекеттин карамагына өткөн мүлк парламенттин уруксаты жок эле сатылат

Эми мамлекеттин карамагына өткөн мүлк сатылып жатканда парламенттин уруксатына сунулбай турган мыйзам долбоору каралып жатат. Конфискацияланган, же жаран өз эрки менен мамлекетке өткөрүп берген мүлктөрдү Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги өзү сатуу укугуна ээ болууда. 2021-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринен жана айрым шектүү жарандардан бир нече жеке менчик объекттер конфискацияланып, […]

Сизге жагышы мүмкүн