Дүйнө футболундагы эң кымбат капитандардын тизмеси түзүлдү

Автор

Популярдуу “Transfermarkt” сайты эң кымбат командалардын капитандарынан турган символикалык команданы түздү.
Transfermarkt эксперттеринин пикири боюнча, Краснодар клубунун капитаны болгон орусиялык дарбазачы Матвей Сафонов (18 миллион евро) бул команданын дарбазасынан татыктуу орун алган. Андан кийинки коргонуу позицияларында коргоочулар: Хосе Гая («Валенсия», 30 миллион), Макс Килман («Вулверхэмптон», 35 миллион), Маркиньос («ПСЖ», 60 миллион) жана Рис Жеймс («Челси», 50 миллион).
Жарым коргоочу катары капитандар: Жон Макгинн («Астон Вилла», 30 миллион евро), Мартин Одегор («Арсенал», 90 миллион евро) жана Бруно Фернандеш («Манчестер Юнайтед», 70 миллион евро).
Transfermarkt схемасына чабуулчулар кирет: Сон Хён Мин («Тоттенхэм», 50 миллион), Лаутаро Мартинес («Интер», 110 миллион) жана Лионель Месси («Интер Майами», 35 миллион).

Бөлүшүү:
Next Post

29-декабрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 29-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күңдүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күңдүз айрым жерлерде 15-20 […]

Сизге жагышы мүмкүн