Бүгүн кыргызстандык самбочулар Москвада беттешет

Автор

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Россияда өтө турган “Самбонун негиздөөчүлөрүнүнө арналган кубокко” катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 24-27 март күндөрү Москва шаарында өтөт.

Курама команданын (спорттук самбо боюнча) тизмеси:

  1. Кайрат Жусуп уулу – 58 кг;
  2. Кимал Оболбеков – 58 кг;
  3. Белек Бараканов – 64 кг;
  4. Али Сагындыков – 64 кг;
  5. Эламан Касымбаев – 71 кг;
  6. Жандос Эсенгазиев – 71 кг;
  7. Феликс Уланбеков – 79 кг;
  8. Акунаалы Бейшенаалы уулу – 79 кг;
  9. Жамалбек Асылбек уулу – 88 кг;
  10. Шахриер Идрисов – 98 кг;
  11. Сыймык Жапаров – 98+ кг.

 

Курама команданын (күжүрмөн самбо боюнча) тизмеси:

 

  1. Мурзабек Үсөн уулу – 58 кг;
  2. Даниэль Асеков – 58 кг;
  3. Саяк Бакраканов – 64 кг;
  4. Баэль Эргешалиев – 71 кг;
  5. Замир Калмурзаев – 71 кг;
  6. Абдувахаб Абдуллаев – 79 кг;
  7. Бектур Идирисов – 88 кг;
  8. Сыргак Арстанбек уулу – 88 кг:
  9. Бекназар Жээмырзаев – 98 кг;
  10. Таласбек Нуралиев – 98+ кг.

 

Курама команданын (кыз-келиндер) тизмеси:

 

  1. Канышай Аманкулова – 50 кг;
  2. Аида Асанбекова – 59 кг;
  3. Эльза Абдыкадырова – 59 кг;
  4. Мираида Медет кызы – 65 кг.

Самбо боюнча улуттук курама команданын машыктыруучулары:

Башкы машыктыруучу – Азамат Казакбаев;

Улук машыктыруучу – Илгиз Каналбек уулу,

Машыктыруучу – Андрей Тупик.

Белгилей кетсек, самбо боюнча эл аралык “Анатолий Харлампиев мемориалы” атындагы турнир 1980-жылы негизделген. 2022-жылдан бери турнир “Самбонун негиздөөчүлөрүнүн кубогу” деп аталып келет. Алар Анатолий Харлампиев, Василий Ощепков жана Виктор Спиридонов.

Бөлүшүү:
Next Post

Дмитрий Медведев Европаны дүрбөлөңгө салды

Орусиянын президенти Владимир Путинди Германияга келсе кармап, Эл аралык сотко өткөрүп беребиз. Анткени, аны камакка алуу боюнча Эл аралык соттун чечими бар, биз аны аткарышыбыз керек”,-деген Немис тышкы иштер министрине Орусиянын Коопсуздук Кенешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев жооп берди. “Германиядагы бир акылсыз Владимир Путинди камакка алуу боюнча айтып жатат. […]

Сизге жагышы мүмкүн