Козголгон кылмыш иште 36 киши көрсөтмө берди

Автор

Кечээ “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун соттук отуруму кеч сааттарга чейин уланды. Ага козголгон кылмыш иште күбөлөр суралып, ушул кезге чейин 12 күбө көрсөтмөсүн берген. Алардын ичинде Исмаил Исаков, Руслан Казакбаев, Токон Мамытов, Эмил Шерматов жана Нурлан Сулаймановдор бар. Күбөлөр соттук териштирүүлөр учурундагы маалыматтарды таратпоого тил кат беришкени белгилүү болду. Маалым болгондой, 65 кишинин көрсөтмө берээри айтылган. Ушул кезге чейин 36 адам күбөө катары суралган.
Соттук отурумдар мындан ары да уланмак болду. Кечээги отурумда жактоочулар 2 өтүнүч киргизишти. Алардын бири, суралган 36 күбө Адахан Мадумаровду колдогону үчүн үй камагына чыгаруу. Ал эми экинчиси, козголгон кылмыш иштеги “жашыруун” деген грифин алып салуу. Бирок, сот Мирбек Сатарбек уулу өтүнүчтү четке какты. Ал эми жактоочулар сотто көрсөтмө берген айрым адамдардын орусча көрсөтмөсү кыргызчага которулуп жатканда бурмаланганын айтышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламент ЖЭБ боюнча маселе көтөрдү

Парламент бүгүн,7-февралдагы жалпы жыйынында Бишкек ЖЭБ боюнча маселе көтөрдү. Депутат Эмил Токтошев ЖЭБдеги жарылуу кайдыгерликтен келип чыкканын билдирип, 1 жылда 3 жетекчи алмашканын, андан башка бир топ кемчиликтер кеткенин айтты. Мындан улам катуу көзөмөл жүргүзүү керектигин баса белгиледи. Ал жардам көрсөтүшкөн жеке жарандарга жана кошуна мамлекеттерге да ыраазычылыгын белгиледи. ЖЭБтеги […]

Сизге жагышы мүмкүн