Аслан Койчиев, президенттин кеңешчиси: “Эл аралык кысымдарга карабай ийгиликтерди жаратып жатасыңар”

Автор

“Сапат” билим берүү мекемелери коомдук активисттерди, мамлекеттик кызматкерлерди, журналисттерди жана маданияттын өкүлдөрүн чакырып, ооз ачаар аземин уюштурду. Аземдин алкагында билим жарышында алдыга озгон 20 окуучусун баалуу белектер менен сыйлады. Президенттин кеңешчиси Аслан Койчиев 36 окуучу ийгилик жаратса, анын 20сы “Сапаттан” экенин айтып, мунун – сыймыктана турган көрүнүш экендигин белгиледи.

“Сапат” Эл аралык кысымдарга карабай ушундай ийгиликтерди жаратып жатат. Мындай аракетиңер алкышка арзыйт. Эл аралык деңгээлдеги кысымдарга моюн бербей ийгиликтерди жаратып жатасыңар, силерге ийгилик каалайм”,- деди. Сөзгө чыгышкандар аталган мекеме менен сыймыктанаарын билдиришип, алдыга озгон окуучуларга мекеменин белектерин тапшырышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Террорчуларга бериле турган жаза белгилүү болду

Эгер “Крокус Сити Холлдогу” терракт боюнча кармалгандардын күнөөсү аныкталса, аларды жазалоонун оор түрү колдонулат. Бул боюнча РИА новости агенттиги жазып чыкты. Анда айтылгандай, террордук актыны уюштургандар өмүрүнүн акырына чейин жалгыз камерада болушат, бири – бирин көрүшпөйт. Балдары, бир туугандары жана ата – энелери менен жолуга алышпайт. Кичинекей камерада колдору аркасына […]

Сизге жагышы мүмкүн