Вице-мэр Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына карата иш козголду

Wp Pw
0 0
Read Time:1 Minute, 3 Second

“Батуми” кафесин бузууда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК төрагасы  Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, “Батуми” кафесинин бузулуп, демонтаждалышынын мыйзамдуулугу жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштери башталды.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө “Батуми” кафесинин негиздөөчүсү тарабынан муниципалдык менчикти пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдардын талаптарын бузуулар аныкталды, алар тиешелүү ижара келишими жок айланасындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайды негизсиз пайдаланышкан.

Ошондой эле бул тармакты көзөмөлдөгөн Бишкек шаарынын вице-мэри Н.Орунтаевдин мыйзамсыз аракеттери да аныкталды. Тактап айтканда, Н.Орунтаев кафенин конструкциясын бузуп, мүлкүн алып салуунун ордуна ээсинин мүлкүн түз жок кылуу жолу менен демонтаждоону уюштурган.

Бул боюнча КР УКМК тарабынан вице-мэр Н.Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына КР Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү) жана 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө Н.Орунтаев жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурууну өзүнө алды.

Көрсөтүлгөн жагдайлар эске алынып, Н.Орунтаев келүү убадасы менен бошотулуп, козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев вице-мэр Н.Орунтаевге мындан ары кызмат адамы тарабынан КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузган мыйзамсыз аракеттерге жол берилбестигин белгиледи.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

27-майга карата аба ырайы

27-майда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына15-20 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,   Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,   Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз […]