Мандариндин сиз билбеген пайдалары

Автор

Мандарин кан айлануу системасына жакшы таасирин тийгизет: жүрөк жана кан тамырларды бекемдейт, шишиктерди басат, кан басымды нормалдаштырат, аз кандуулуктун алдын алат, гипертония, атеросклероз, ишемия, инфаркт жана инсульттун пайда болуу коркунучун азайтат. Мандариндин баланын организми үчүн пайдасы баа жеткис.

Пайдалуу өзгөчөлүктөрү

Мандаринде көптөгөн органикалык кислоталар, фитонциддер, витаминдер жана пайдалуу микроэлементтер бар. Мандарин баалуу диеталык жана дарылык продукт болуп эсептелет. Айрыкча кышында колдонуу сунушталат, ошондуктан витамин жетишсиздигине каршы профилактика катары иштейт.

Мандарин табитти жакшыртат, организмдеги зат алмашууну стимулдайт жана ичегилердин ишин нормалдаштырат. Мандарин кабыгынын кайнатмалары жана тундурмалары кургак жөтөлдө какырыкты суюлтуу үчүн, ошондой эле дененин температурасын төмөндөтүү үчүн колдонулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Лионель Месси келечектеги "Алтын топ" сыйлыгынын ээлерин атады

“Интер Майами”  клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси келечектеги “Алтын топко” талапкерлерин атады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда. Лионель Месси: «Холанд, Мбаппе, Винисиус жана көптөгөн жаш оюнчулар жакынкы жылдары «Алтын топ» сыйлыгы  үчүн ат салышат. Форвард ошондой эле “Барселонанын” 16 жаштагы жарым коргоочусу Ламин Ямалды бөлүп, ал буга чейин […]

Сизге жагышы мүмкүн