Чаткалда “Каныш-Кыя” аба майданы курулат

Автор

Чаткал районундагы “Каныш-Кыя” аба майданы 2024-жылы курулуп баштайт. Мындай маалыматты президент Садыр Жапаров билдирди. Ал “Манас” аба майданынын жетекчисине кайрылып, “2000-жылдары “Каныш-Кыя” аба майданын жергиликтүү бийлик өзүнүн балансына алып алган экен. Сиз бүгүндөн баштап “Манас” аба майданынын балансына аласыз. Жергиликтүү бийликтин уча турган учагы жок. Алар аба майдандын жерин бөлүп алганга же, үй салганга ушундай жолго барышкан”,- деди. Президент пландалган аба майдандын курулушу келээрки жылы башталып, күз айларында ачылышы болоорун билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Сергей Шойгу “Вагнер” козголоңуна  тууралуу биринчи жолу  үн катты

“ПМК Вагнер”  жана анын башчысы Евгений Пригожиндин 23-25-июндагы баш аламандык аракети “Украинадагы атайын операциянын жүрүшүнө таасирин тийгизген жок”, – деп билдирди коргоо министри Сергей Шойгу тематикалык селектордук жыйында. «Бул пландар биринчи кезекте Куралдуу күчтөрдүн өздүк курамы антына жана аскердик милдетине берилгендигин көрсөткөндүктөн ишке ашпай калды. Провокация аскерлердин топторунун аракеттерине таасирин […]

Сизге жагышы мүмкүн