ДЧ -2026: Дүйнө чемпиондугуна катышуусу клубдарга каражат бөлүнөт

Автор

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына оюнчуларды жөнөтүү үчүн клубдарга болжол менен 370 миллион доллар төлөп берет. Бул тууралуу спорт  журналист Роб Харрис Твиттерде билдирди.

Клубдар 2022-жылы Катарда өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка караганда болжол менен 75% көбүрөөк алышат. Ошондой эле Европалык клубдар ассоциациясы 32 команда катышкан клубдар арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын жаңы форматына каршылыгын токтотуп, ФИФА менен коммерциялык укуктарды сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы белгиленген.

2026-жылдагы дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтөт жана биринчилерден болуп 48 команда катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте №63 мектепке бомба коюлгандыгы айтылып, окуучулар эвакуацияланды

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын 102-кызматына №63 мектеп-гимназиясынын аймагына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. « Кабар бүгүн саат 09:43 чамасында келип түшкөн. Ошол замат тийиштүү кызматкерлер окуя болгон жерге келип, дароо мектептин аймагы милиция кызматкерлери […]

Сизге жагышы мүмкүн