Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Автор

Бишкек шаарында үчүнчү дивизиондун (“А” тайпасы) командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты 10-16-март күндөрү өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жеңиш үчүн алты өлкөнүн — Кыргызстан, Мексика, Түштүк Африка, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланддын командалары күрөшөт.
Бул беттештерде Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы экинчи дивизионго чыгуу үчүн күч сынашат. Командалар бири-бири менен бир айлампада ойношот.
Кыргызстандын хоккейчилер командасы беттеше турган күндөр:
Кыргызстан — Таиланд, 10-март, саат 20:00;
Кыргызстан — Люксембург, 11-март, саат 20:00;
Кыргызстан — Түркмөнстан, 13-март, саат 20:00;
Кыргызстан — Мексика, 14-март, саат 20:00;
Кыргызстан — Түштүк Африка Республикасы, 16-март, саат 20:00.
Оюндар “Бишкек Арена” шаардык муз аянтчасында өткөрүлөт. Дареги: Виноградная көчөсү 1/3.

Бөлүшүү:
Next Post

Испанияга качкан орус аскери өлтүрүлдү

“Орус-Украина” согушунда тик учак менен Украинага өтө качкан орус аскери Максим Кузминов Испаниядагы үйүнүн алдында өлтүрүлдү. Ал 2023-жылдын август айында өзү башкарган Т-1008 тик учагы менен Украинанын түндүгүндөгү аскердик базага конуп, маалымат жыйыны учурунда башка орус аскерлерин Украинага келүүгө үндөгөн эле. 27 жаштагы Кузминов былтыр Орусиядан үй – бүлөсүн качырып, […]

Сизге жагышы мүмкүн