ДССУ: Дарыгерлер жетишсиз

Автор

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Аднан Гебрейесус дүйнөдө 10 миллион медициналык адистердин жана социалдык кызматкерлердин жетишсиздигин билдирди. Бул тууралуу уюмдун 75 жылдыгына жана Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган брифингде билдирди.
ДССУнун башчысынын айтымында, эң жакыр өлкөлөр медициналык кадрлардын жетишсиздигине дуушар болушат. Ал белгилегендей, COVID-19 пандемиясынын учурунда дүйнө жүзү боюнча медициналык адистердин жарымы чарчоодон жапа чеккен. Пандемия башталганга чейин алардын көбү коопсуз шарттарда, аз айлык акы менен иштөөгө аргасыз болгон.
Гебрейесус дүйнө өлкөлөрүн дарыгерлерге камкордук көрүүгө, аларга татыктуу эмгек шарттарын жана эмгек акылары менен камсыз кылууга чакырды. Медицина кызматкерлеринин эмгек укуктарын коргоого, алардын иш учурунда зордук-зомбулукка жана басмырлоого жол бербөөгө чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Жыл башынан бери 20 миңден ашуун жаранга пенсия дайындалды

Социалдык фонд 2023-жылдын январь-март айларында 20 миң 445 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинде 2023-жылы март айында 4 миң 26 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1030 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.   Ошондой […]

Сизге жагышы мүмкүн