Дмитрий Медведев Европаны дүрбөлөңгө салды

Автор

Орусиянын президенти Владимир Путинди Германияга келсе кармап, Эл аралык сотко өткөрүп беребиз. Анткени, аны камакка алуу боюнча Эл аралык соттун чечими бар, биз аны аткарышыбыз керек”,-деген Немис тышкы иштер министрине Орусиянын Коопсуздук Кенешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев жооп берди.

“Германиядагы бир акылсыз Владимир Путинди камакка алуу боюнча айтып жатат. Бул эч качан ишке аша турган маселе эмес экенин билесиңер. Бирок, ошондой болду дейли. Германия колунда ядролук курал жарагы бар өлкөнүн президентин кармады дейли. Эмне болот билесиңерби? Бул – Орусияга согуш жарыяланды деген маанини түшүндүрөт. Анда биздин бардык мүмкүнчүлүктөр, курал жарактар Бундестагды жана Канцлер отурган мекемени чабуулга алат.

Алар биз менен ойноп жатышабы же, эң жаман окушканбы”,- деп Европалык кесиптештерин коркутту.

Бөлүшүү:
Next Post

Блогер Илья Варламов Россияда чет элдик агент катары кабыл алынды

Россиянын Юстиция министрлиги блогер жана журналист Илья Варламовду жана дагы бир нече адамды чет элдик агенттердин реестрине киргизди. “И.А.Варламов мамлекеттик бийлик органдары тарабынан кабыл алынган чечимдер жана алардын жүргүзгөн саясаты тууралуу жалган маалымат таратып, чет элдик булактардан колдоо тапкан”,-деп айтылат билдирүүдө. ВКонтакте тармагындагы расмий баракчадагы маалыматка ылайык, Илья Варламов коомдук […]

Сизге жагышы мүмкүн