Путин аскердик козголоң аракети боюнча кайрылуу жасады

Автор

Аскердик козголоң аракетинен кийин Владимир Путин кайрылды.  Ал «вагнерчилерге» кайрылып, кылмыштуу аракеттерди токтотууга чакырды.
“Ашыкча амбициялар жана жеке кызыкчылыктар чыккынчылыкка алып келди”,-деди Путин.
«Атайылап чыккынчылык жолуна түшкөн, куралдуу козголоңду даярдаган, шантаж жолуна жана террористтик ыкмаларга барган ар бир адам сөзсүз жазага тартылат.  Мыйзам алдында да, элибиздин алдында  жооп берет», – деди Россия Федерациясынын президенти өз кайрылуусунда.
Россия Федерациясынын башчысы Россиянын куралдуу күчтөрү куралдуу козголоңду уюштургандарды зыянсыздандыруу үчүн керектүү буйрук алганын билдирди.
“Аскердик козголоңду уюштурган адам Россияга чыккынчылык кылды жана ал үчүн жооп берет. Мен Россиянын жараны катары өлкөнү коргоо үчүн бардыгын жасайм, чечкиндүү чаралар көрүлөт”,-деди Владимир Путин.
Президент өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кайрылуусунда Вагнер компаниясынын аракеттерин «аркага бычак» деп атап, кырдаалды 1917-жылдын октябры менен салыштырып, чыккынчылык деп атады.

Бөлүшүү:
Next Post

Орусиядагы элчилик  Кыргыз жарандарына кайрылуу жасады

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги  Кыргыз  жарандарын Украина менен чектеш аймактарында кырдаал курчуп кеткендигине байланыштуу ал жактарга барбай турууну суранды. Бул тууралуу ТИМ кабарлады. Дипломатиялык өкүлчүлүк аталган аймактарда жашаган кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын сактоону жана зарыл болгон учурда байланышка чыгуусун өтүнөт. Ишеним телефондору: +7 925 115 50 47, +7 925 285 50 47. […]

Сизге жагышы мүмкүн