Путин Эрдогандын инаугурациясына барбайт

Автор

Түркиянын кайра шайланган президенти Режеп Тайып Эрдогандын инаугурация аземине Россиянын атынан Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин катышат.
Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин түрк кесиптешинин инаугурациясына бара алабы деген суроого бул иш-чарага чет элдик лидерлер үчүн чакыруу болгонун укпаганын айтты.
Ал арада Эрдогандын басма сөз катчысы Ибрахим Калын Анкаранын инаугурацияга чет элдик лидерлерди чакыруу чечимин чыгарганын билдирди.
Түркиянын президентинин инаугурация аземи ишемби, 3-июнда болушу мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров бөбөктөрдү куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.   Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:   “Урматтуу бөбөктөр, кымбаттуу жеткинчектер!   Ардактуу кыргызстандыктар!   Сиздерди жаркын келечек ээлери болгон балдарыбыздын майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!   Кайсы гана өлкөнү албайлы, кайсы гана элди албайлы, бала – бул […]

Сизге жагышы мүмкүн