Швеция 11-мартта НАТОнун 32-мүчөсү болот

Автор

11-мартта Бельгиянын борбору Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасында Швециянын мүчөлүгүнүн расмий аземи өткөрүлөт.
НАТОнун штаб-квартирасында Швециянын желеги көтөрүлөт. Ошентип аталган мамлекет альянстын 32-мүчөсү болуп калат.
Венгриянын Улуттук ассамблеясы 26-февралда Швециянын НАТОго кошулуусун жактырды, ошону менен бардык союздаштар үчүн ратификация процесси аяктады.
Швеция 2022-жылдын 18-майында НАТОго мүчөлүккө арыз берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Сүйүнчү! Айпери Медет кызы алтын утту

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы эл аралык мелдеште алтын медаль утту. 76 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып жаткан Айпери Медет кызы финалдык беттеште Казакстандын спортчусун жеңип алган. Турнир Түркиянын Анталия шаарында 7-10-март күндөрү өтүп жатат. 76 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып жаткан Айпери […]

Сизге жагышы мүмкүн