Азербайжанда армян жетекчилери камакка алынды

Автор

Азербайжандын куралдуу күчтөрү Армян улутундагы Давид Бабаянды Шушада камакка алды. Ал таанылбаган Тоолуу Карабактын мурдагы тышкы иштер министри, кийин президенттин кеңешчиси эле. 20-сентябрда Азербайжан Карабакка аскердик операция жасап, 1 күн ичинде аймакты өзүнө каратты. Президент Илхам Алиев Азербайжан эгемендүүлүгүн ушул жылдын 28-сентябрында гана толук түрдө камсыздай алды деп билдирди.

29-сентябрь күнү 28 миң армян 30 жылдан кийин Карабакты таштап чыгып кетти. Тоолуу Карабактын башчысы Самвел Шахраманян таанылбаган республиканы жоюу тууралуу жарлыкка кол коюп, бардык мамлекеттик мекемелерди таркатты. Кечээ Азербайжандын чек ара кызматы миллиардер Рубен Варданянды кармап, аны Бакуга алып келишти. Былтыр ал Тоолуу Карабактын премьер-министр кызматына дайындалган эле.

Миллиардердин аялы күйөөсү чек арадан өтүп баратканда кармалганын тастыктады. Эми 1991-жылдан бери Карабак аймагын мыйзамсыз башкарып келгендер камакка алынаары маалымдалууда.

Манас Осмон

Бөлүшүү:
Next Post

Ош базардын алдындагы көчөлөр көрктөндүрүлүп жатат

Бишкек шаарынын Чүй проспектисини менен Бейшеналиев көчөсүнөн Фучикке чейинки бөлүгүндө көрктөндүрүү иштери уланууда. Бишкек мэриясынын  билдиргенине караганда бетон тосмолор курулуп, сугат суу түтүктөрү тартылып, таштар тазаланып, топурактар тегизделди. Ошондой эле учурда жолдун жээгине 1500 даана ийне жалбырактуу туя тигилди. Бул жашыл кооз, бадалдар жарандарды жолдун тыюу салынган жеринен басууга жол […]

Сизге жагышы мүмкүн