Депутат министрлер кабинетин сындады

Автор

Жер титирөөнүн алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгы чыкпай жатат. Бул тууралуу парламенттин бүгүн, 6-марттагы жалпы жыйынында депутат Улукбек Ормонов билдирди.
“Өткөн жылы жер титирөөнүн алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Бир жыл өттү, ал комиссиянын жыйынтыгы дагы деле чыга элек. Министрлер кабинетинин бул боюнча чечимдери таң калаарлык болуп жатат. Ошол комиссиянын мүчөлөрү келсе, бир жылдан бери эмне иш аткарылганын карайлы дегенбиз. Жогорку Кеңештин токтомун берели десек, өздөрү жок”,- деди Улукбек Ормонов.
Депутат билдиргендей, министрлер кабинетинин кенебестиги өтө коркунучтуу. Андыктан, кайрадан комиссия түзүп, имараттардын туруктуулугун текшерүү зарыл деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек мэри парламентте сынга кабылды

Сүйөркулов көчөсүндөгү 146/1 – үйдөн сүрүп чыгарылган жашоочулардын кейиштүү абалын Марлен Маматалиев айтып, мэр Айбек Жунушалиевди сынга алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта парламенттин жалпы жыйынында айтылды. “Мэр элге жакын болушу керек эле. Бирок, ал кышта ал жердин тургундарын кууп чыгарып жатат. Албетте, инвесторлорду коргошубуз керек. Бирок, өзүбүздүн жарандарды кордоо жолу […]

Сизге жагышы мүмкүн