Бишкек шаардык прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттери айтылды

Автор

Бишкек шаардык прокуратура органдары тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү багыты боюнча жер, шаар куруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы белгиленди.

Бишкек шаардык прокуратурасынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык мекемесинде 2022-2023-жылдары коррупцияга каршы аракеттенүү, шаар куруу жана жер жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын прокуратура органдары тарабынан аныкталган мыйзам бузуучулуктар боюнча 1 каршылык билдирүү, 3 мыйзам бузуучулукту жоюу жөнүндө сунуштама, 2 талап, 1 эскертүү, 4 кылмыш иштери козголуп, 5 материал АМС МЭЖге каттап тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Тактап айтканда, “Бишкекбашкыархитектура” ММнин жооптуу кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.02.2011-жылдагы №50 токтому менен бекитилген “Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын Аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө” Убактылуу Жобонун талаптарын одоно түрдө бузуп, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында, расмий документке билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү менен көп квартиралуу үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларынын долбоору (ҮЖЖУ) мыйзамсыз даярдалып берилген.
Натыйжада ҮЖЖУ долбооруна мыйзамсыз базар баасы 49 980 536,58 сомду түзгөн 1247,86 ч.м. жер тилкеси жеке менчикке өтүп кетип, муниципалдык менчикке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
337-беренесинин 3-бөл. жана 346-беренесинин 2-бөл. менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн кылмыш иши КРнын УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Бул багытта иш аракеттер улантылмакчы.

Бөлүшүү:
Next Post

30-мартка карата аба ырайы

30-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймакта жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: […]

Сизге жагышы мүмкүн