Бишкек мэри парламентте сынга кабылды

Автор

Сүйөркулов көчөсүндөгү 146/1 – үйдөн сүрүп чыгарылган жашоочулардын кейиштүү абалын Марлен Маматалиев айтып, мэр Айбек Жунушалиевди сынга алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта парламенттин жалпы жыйынында айтылды.
“Мэр элге жакын болушу керек эле. Бирок, ал кышта ал жердин тургундарын кууп чыгарып жатат. Албетте, инвесторлорду коргошубуз керек. Бирок, өзүбүздүн жарандарды кордоо жолу менен эмес. Бул жерде мэрдин жеке кызыкчылыгы бар окшойт”,- деди.
Ал Улукбек Ормонов көтөргөн ведомстволор аралык комиссиянын иш аракетин сындады жана кайрадан комиссия түзүлбөсө, абал мындан да оорлошоорун билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ Украинага аскер жибербей турганы айтылды

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби 5-мартта Ак сарайда өткөн брифингде АКШ Украинага согушуу үчүн аскерлерин жөнөтпөйт жана президент Владимир Зеленский мындай жардам сураган жок, деп билдирди. “Президент Зеленский муну талап кылбайт. Ал жөн гана куралдарды жана мүмкүнчүлүктөрдү сурайт. Ал эч качан өз өлкөсү үчүн согушуу үчүн чет элдик […]

Сизге жагышы мүмкүн