Депутат кароосуз калган стадиондорду сактап калууга чакырды

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов райондор менен облустардагы стадиондорго бийликтин көңүлүн бурду. Бул тууралуу ал парламенттин бүгүн, 8-февралдагы жалпы жыйынында билдирди.
Эл өкүлү “Мына, Азияда футбол боюнча мелдештер болуп жатат. Бизде да, футболду өнүктүрүү маселеси каралыш керек. Союздун убагында райондордун борборлоруна стадиондор салынган. Бирок, бүгүнкү күнү алардын кээ бири четинен кыртылып же, сатылып кетүү коркунучунда турат. Аларды сактап калуу керек. Анан, спорт мектептери бар. Жакшы машыктыруучуларды алып келип, ошол мектептерде футболду өркүндөтөлү “,- деди.
Таалайбек Сарыбашов быйыл өлкө ичиндеги стадиондорду реконструкциялоо ишин колго алууга өкмөткө сунуш берди.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖЭБди калыбына келтирүүдө 9 отказан жана 4 турбоагрегат иштөөдө

Бүгүн, 8- февралга карата Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 300 МВт, 9 отказан менен 4 турбоагрегат иштеп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкекжылуулуктармагы штаттык режимде иштеп, бардык арыздар тез арада каралып жатат. Учурда бардык абоненттер жылытуу жана ысык суу системасына кошулган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн