Төө-Ашуудагы туннелде чектөөлөр алынат

Автор

Бүгүн, 2-августта саат 16:00дө Төө-Ашуу ашуусундагы туннелди оңдоо иштерине байланыштуу коюлган чектөө алынат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми туннелдин фасадын көрктөндүрүү иштери башталат, ал учурда эч кандай чектөөлөр коюлбайт.

Белгилей кетсек, буга чейин Транспорт министрлиги туннелди оңдоо иштери 6-августка чейин созула турганын, бирок иштер мөөнөтүнөн мурда аяктаганын маалымдаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Экс-президент 20 жылдан ашык түрмөгө кесилиши мүмкүн

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка 2021-жылдын 6-январында Капитолийге болгон чабуулга байланыштуу айып тагылды. Ал 20 жылдан ашык абакка кесилиши мүмкүн. Айып төрт берене боюнча коюлган. Трамп укуктарды бузуу, өкмөттү алдоо, кызматтык иликтөөгө тоскоолдук кылуу, тергөөгө тоскоол болуу үчүн кутум уюштурган деп айыпталган. Трамп Вашингтондогу федералдык соттун имаратына 3-августта келиши керек. […]

Сизге жагышы мүмкүн