Дан эгиндеринин айдоо аянты 1,2%га өстү

Автор

Дан эгиндеринин айдоо аянты (буурчак, күрүч жана кара күрүчтү кошпогондо) өткөн жылга салыштырмалуу 7 миң гектарга, же 1,2%га көбөйүп, 585,4 миң гектарды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл 232,1 миң гектар аянтка буудай эгилген, бул 1,6 миң гектарга, же 0,7%га аз. Арпа 239,2 миң гектар аянтка себилген. Бул 3,1 миң гектарга, же 1,3%га көп.

 

Дан үчүн жүгөрү айдоо аянттары 5,3%га көбөйүп, анын айдоо аянты 113,3 миң гектарды түздү.

Бөлүшүү:
Next Post

Вагнердин жоокерлери Белорус аскерлерин машыктыра башташты

“Вагнер” менчик аскердик компаниясынын  жоокерлери Белоруссияга келип, Беларустун аймактык коргонуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлерин окутуп жатышат.  Бул тууралуу Беларустун Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Вагнерчилер Осиповичинин (Могилев областы) жанындагы полигондо аймактык аскерлерге  машыгуулары өтүүдө. “Аскерге чакырылгандар согуш талаасында жүрүү жана тактикалык ок ​​атуу, инженердик даярдык жана тактикалык медицина […]

Сизге жагышы мүмкүн